БАШЫ ЖЕРГЕ КИРүү
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу. – Мен калган өмүрүмө ыракат тилеп отурганым жок, башым жерге кирсе о дүйнөдөн ыйман берсин деп, ошону тилеп отурам (Укаев). Сен менин элдешпес душманымсың. Мен аны башым жерге киргенде да унутпайм (Осмоналиев). 2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу. – И-и, бу киши жазуучу экен го? – деп палатадагылар күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп калышты, Качыкенин башы жерге кирип кетти (Абдукаимов). Баятан бери Жапардын көзүнө көп илинбеске аракет кылып, жашырынып бурчта отурган Зейнептин башы жерге кире түштү (Баялинов).